Ак-Талаа айылында вакцина сактаган кампанын курулушу аяктады

Нарын облусунун Ак-Талаа айылында вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун каржылоосу менен ишке ашты.

 

Белгиленгендей, жаңы кампа бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берет.