Жыл башынан бери 36 миңге жакын кызыл китеп берилди

Жыл башынан бери Кыргызстанда 35 миң 873 жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 18-декабрга карата республика боюнча мамлекеттик акт алууга 137 миң 397 арыз кабыл алынып, 77 миң 172 арыз коомдук билдирүүгө илинген.

 

«Анын негизинде 22 миң 716 техникалык паспорт жана 35 миң 873 жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилди», — деп айтылат маалыматта.