Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.

 

Айланма жол куруу зарылдыгы Бишкек-Ош жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылынын көптүгүнөн улам келип чыкканы белгиленген.

 

Жарлыкка ылайык, Инвестиция агенттиги жол куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл документтерди даярдап, Министрлер кабинетинин кароосуна киргизиши керек. Өкмөт өз кезегинде 2024-жылдын 30-январына чейин маселени чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттендирилди.