Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча, кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны аталды

Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча, кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны аталды. Уюм жарыялагандай,  2023-жылы кыргыз спортчусу дүйнөлүк рейтингдин туу чокусуна чыгып, теңдешкис 95 упай чогулткан.   Ал Азия, дүйнө чемпионатын багындырып, Венгрия менен Египеттеги рейтингдик турнирлерди утканы жана жылды Азия оюндарынан коло медаль… Кененирээк…

Энергетика министрлиги энергетикалык кубаттуулуктун жетишсиздигин төмөндөтүү үчүн жаңы эрежелерди сунуштады

Энергетика министрлиги энергетикалык кубаттуулуктун жетишсиздигин төмөндөтүү үчүн жаңы эрежелерди сунуштады. Ведомство иштеп чыккан документке ылайык, жаңы курулган көп кабаттуу имараттардын чатырынын  50 пайыздан кем эмес бөлүгүнө күн панелдери орнотулушу керек.   Мындай талап 2024-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү болушу күтүлөт.   Документ коомдук талкууга чыгарылды.

ФИФА жаңы клубдук турнир түзүлгөнүн жарыялады

ФИФА жаңы клубдук турнир түзүлгөнүн жарыялады. Ал FIFA Континент аралык кубок деп аталат. Мелдештер жылына бир жолу өткөрүлөт. Турнирге бардык конфедерациялардын чемпиондору катышат.   Финалдык беттеште Чемпиондор лигасынын жана континент аралык турнирдин жеңүүчүсү жолугат. Жаңы турнир кийинки жылы старт алат деп пландалууда.

Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды салют жана петардалардан баш тартууга чакырат

Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды салют жана петардалардан баш тартууга чакырат. Ведомстводон эске салышкандай, фейерверктер канаттууларга жана өсүмдүктөргө зыян тийгизет.   Пиротехника түтүнү абанын сапатын жана климатты бузууга алып келет. Андан тышкары, петардаларды жардырууда техникалык коопсуздук сакталбаса, күйүк алуу мүмкүн.   Эң коркунучтуусу, жаңы жылдык майрамдарда… Кененирээк…

Бишкекте акылуу парковка электрондук системасы сыноо режиминде ишке кирүүдө

Бишкекте акылуу парковка электрондук системасы сыноо режиминде ишке кирүүдө. Вице-мэр Максат Сазыкуловдун айтымында, жаңычылдык 27-декабрдан тарта иштеп баштайт.   Пилоттук долбоор үчүн Токтогул – Тыныстанов – Фрунзе – Турусбеков бөлүгү тандалып алынды. Унаа токтотуу үчүн төлөмдү тиркеме аркылуу же банк картасы менен жүргүзсө болот.  … Кененирээк…

Чүй облусундагы күн электр станциясынын курулушу кийинки жылы башталат

Чүй облусундагы күн электр станциясынын курулушу кийинки жылы башталат.   Бул тууралуу novosti.kgге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иштерди чет элдик инвестор жүргүзөт деп күтүлүүдө.   Кемин районунун Кичи-Кемин айылында күн электр станциясы алдына жер тилкеси бөлүндү. Эми инвестор долбоорду иштеп чыгып, жер тилкесинин трансформациясы үчүн… Кененирээк…