Бишкекте №42  жана №103 автобустар эми Чүй проспектиси менен жүрө баштайт

Бишкекте №42  жана №103 автобустар эми Чүй проспектиси менен жүрө баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Эске салсак, аталган автобустар буга чейин Киев көчөсү менен каттачу.

 

Кошумчаласак, Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө жүргөн маршруткалар толугу менен Киев, Токтогул, Фрунзе көчөлөрүнө которулган.