Чүй облусундагы күн электр станциясынын курулушу кийинки жылы башталат.
Бул тууралуу novosti.kgге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иштерди чет элдик инвестор жүргүзөт деп күтүлүүдө.
Кемин районунун Кичи-Кемин айылында күн электр станциясы алдына жер тилкеси бөлүндү. Эми инвестор долбоорду иштеп чыгып, жер тилкесинин трансформациясы үчүн каражат төлөшү керек. Станция 2026-жылга чейин ишке кирет деп пландалууда.