Энергетика министрлиги энергетикалык кубаттуулуктун жетишсиздигин төмөндөтүү үчүн жаңы эрежелерди сунуштады

Энергетика министрлиги энергетикалык кубаттуулуктун жетишсиздигин төмөндөтүү үчүн жаңы эрежелерди сунуштады. Ведомство иштеп чыккан документке ылайык, жаңы курулган көп кабаттуу имараттардын чатырынын  50 пайыздан кем эмес бөлүгүнө күн панелдери орнотулушу керек.

 

Мындай талап 2024-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү болушу күтүлөт.

 

Документ коомдук талкууга чыгарылды.