Бишкекте акылуу парковка электрондук системасы сыноо режиминде ишке кирүүдө. Вице-мэр Максат Сазыкуловдун айтымында, жаңычылдык 27-декабрдан тарта иштеп баштайт.
Пилоттук долбоор үчүн Токтогул – Тыныстанов – Фрунзе – Турусбеков бөлүгү тандалып алынды. Унаа токтотуу үчүн төлөмдү тиркеме аркылуу же банк картасы менен жүргүзсө болот.
Биринчи сааты акысыз, андан кийин – саатына төлөм алынат. Паркованын баасы районго жараша орнотулат. Тесттик режимде ал 25 сомду түзөт.