Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча, кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны аталды

Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча, кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны аталды. Уюм жарыялагандай,  2023-жылы кыргыз спортчусу дүйнөлүк рейтингдин туу чокусуна чыгып, теңдешкис 95 упай чогулткан.

 

Ал Азия, дүйнө чемпионатын багындырып, Венгрия менен Египеттеги рейтингдик турнирлерди утканы жана жылды Азия оюндарынан коло медаль тагынуу менен жыйынтыктаганы белгиленди.