Бишкектин эски автобустары 21 миллион сомго сатылды

Бишкектин эски автобустары 21 миллион сомго сатылды. Бул тууралуу 24 агенттигине мэриядан билдиришти. Жалпысынан 386 даана техника сатылган.

 

Каражат шаар бюджетине которулган. Муниципалитеттен белгилешкендей, эски автобустарды сатуу менен ордо калаа автобазасын жаңы коомдук транспорт менен толуктоого  мүмкүнчүлүктөр түзулөт.