Өкмөт жаңы кабыл алынган туунун эскизин бекитти

Министрлер кабинетинин жаңы кабыл алынган туунун техникалык өзгөчөлүгүн бекиткен токтому “Эркин-Тоо” гезитинин 9-январдагы санына жарыяланды. Анда токтомго былтыр 29-декабрда кол коюлганы жазылган.

 

Документте туунун элементтеринин пропорциялык катышы чийме аркылуу көрсөтүлгөн. Андан тышкары символдо колдонулган түстөрдүн коддору жазылган. Ошондой эле туудагы күндүн нурлары түндүктөн бөлүнүп, өз-өзүнчө турат.

8-январда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасы болуп, Жогорку Кеңеш кабыл алган желек илинген.

1-январда аянтка жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына жаңы туу көтөрүлүп, ал Жогорку Кеңеш кабыл алган туудан башкача болуп калган. Анда туунун нурлары түз болуп, түндүккө бириктирилген.

 

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” билдирген.

 

Өкмөт да, Дайырбек Орунбеков да “Ала-Тоо” аянтына 1-январда илинген туу кимдин чечими, кайсы токтом менен кабыл алынганы тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко макулдашылбай илинген туу боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелер териштирүү иштерин жүргүзөрүн 8-декабрда «Азаттыкка» курган маегинде билдирди.

 

Былтыр декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон. Ал 26-декабрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген.