Нарында аз камсыз 100 үй-бүлөгө 1 тоннадан ашуун көмүр таратылууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, отун кечээ Нарын шаарынын тургундарына жеткирилди. Буга чейин Кочкор, Жумгал, Нарын районунун тургундарына таратылган.
Эми алдыда Ак-Талаа, Ат-Башы райондоруна жеткирүү жагы каралууда.