Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы болуп дайындалды. Аткаруу комитетинин кароосуна анын талапкерлигин Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев сунуштап, бир добуштан жактырылды.
Сыдыков 2017-жылдын апрелинен 2021-жылдын августуна чейин КФСтин башкы катчысы, ошондой эле 2021-жылдын октябрынан 2024-жылдын февралына чейин КФС президенти кызматын аркалап келген.