«Бишкекжашылчарба» жана «Бишкексуучарба» ишканалары бириктирилди. Мэриядан билдиришкендей, жаңы ишкана «Бишкекжашылкурулуш» деп аталып, мекеменин жетекчилигине Болотбек Одракаев дайындалды.
Мындай демилге муниципалдык ишканалардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында кабыл алынганы белгиленди.