Кыргызстанда «Рулда» аталышындагы рейд жүрүүдө

Кыргызстанда «Рулда» аталышындагы рейд жүрүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, сутка ичинде 20 автоунаа айып короо жайына киргизилди.   Жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган мындай иш-чара айдын аягына чейин уланат.

Кыргызстанда “Жаштар жана коопсуздук” аттуу акция башталды

Кыргызстанда “Жаштар жана коопсуздук” бир айлык акциясы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Форумда диний толеранттуулук, эрте никеге туруу, зордук-зомбулук, баңгизаттардын жана радикалдашууну алдын алуу боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу талкуулар жүрөт.   Иш-чара 2020-2030-жылдарга Жаштар… Кененирээк…

Токтогулдагы суунун агып кириши керектөөгө караганда көбөйдү

Токтогулдагы суунун агып кириши керектөөгө караганда көбөйдү. “Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата башкы резервуардагы суунун көлөмү 7 млрд 207 млн куб метрди түздү.   Суунун агып келиши секундасына 297 куб метрди түзсө, керектөө секундасына 189 куб метрди түзүүдө. Бирок буга карабай электр энергиясын… Кененирээк…

«Крокус Ситиде» каза болгондор 137ге жетти

Россияда концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 24-мартка карата 137ге жетти, алардын 62си ким экени боюнча маалымат такталып, аныкталды. Бул тууралуу «Азаттык» аталган мамлекеттин Тергөө комитетине таянып жазды.   22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго… Кененирээк…

Ош шаарында жылуулук берүү токтотулду

Ош шаарында жылуулук берүү токтотулду. Муниципалитеттен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка калаа башчы Бакытбек Жетигенов кол койду.   Ошол эле учурда жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге кийинки мезгилге даярдык көрүү тапшырмасы берилди.

Ошко Өзбекстандан 100 даана автобус келди

Ошко Өзбекстандан 100 даана автобус келди. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, транспорттун ар бири 89 миң 500 долларга бааланган.   Коомдук автоунаалар кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылык лизинг аркылуу алынды.   Белгиленгендей, жүргүнчүлөрдү ташыган автобустарды көбөйтүү менен шаардагы жол тыгынын азайтуу аракети көрүлүүдө.