Ошко Өзбекстандан 100 даана автобус келди. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, транспорттун ар бири 89 миң 500 долларга бааланган.
Коомдук автоунаалар кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылык лизинг аркылуу алынды.
Белгиленгендей, жүргүнчүлөрдү ташыган автобустарды көбөйтүү менен шаардагы жол тыгынын азайтуу аракети көрүлүүдө.