«Крокус Ситиде» каза болгондор 137ге жетти

Россияда концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 24-мартка карата 137ге жетти, алардын 62си ким экени боюнча маалымат такталып, аныкталды. Бул тууралуу «Азаттык» аталган мамлекеттин Тергөө комитетине таянып жазды.

 

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган.

 

Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

 

Россияда 24-март Аза күтүү күнү деп жарыяланып, каза болгондор эскерилди. Каза тапкандардан тышкары жараат алгандар 150дөн ашты.