Мамлекеттик ипотекалык уюм куруп жаткан үйлөр ушул жылдын аягында колдонууга берилип баштайт

Мамлекеттик ипотекалык уюм куруп жаткан үйлөр ушул жылдын аягында колдонууга берилип баштайт. “Кабарга” аталган компаниядан билдиришкендей, Маликов көчөсүндө 39 көп кабаттуу үйдөн турган турак-жай комплексинин курулушу кызуу жүрүүдө.   18 жана 24 кабаттуу үйлөрдүн бир бөлүгү жыл аягына чейин колдонууга берилип, 980ден ашык батир даяр… Кененирээк…

Соода борборлордун ээлерине жана администрациясына имараттардагы коопсуздукту күчөтүү тапшырмасы берилди

Соода борборлордун ээлерине жана администрациясына имараттардагы коопсуздукту күчөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.   Анын айтымында, объектилердин кире беришинде көзөмөлдү күчөтүп, сигнализация системасын орнотуп, видео-аудио байкоо жүргүзүп, ыкчам баскычтарды ишке киргизүү сунушталды.   Андан тышкары, күзөт кызматына кадрларды… Кененирээк…

Бир жумада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда 18нен 24-мартка чейинки аралыкта 23 миң 218 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.   Анын ичинен: тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 239; мас абалында унаа башкаруу – 97; автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 40; жөө… Кененирээк…

ӨКМ кар көчкү коркунучуна байланыштуу билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына караганда, бүгунтөн тарта 28-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.   Кар көчкү түшүү коркунучу Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун… Кененирээк…

Бишкекте кыз-келиндер арасында хоккей боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Бишкекте кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия жана Океания Кубогу өтүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Кыргызстанда биринчи ирет уюштурулган мелдеште Кыргызстан, Иран, Индия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Филиппин өлкөлөрүнүн командалары күч сынашууда.   . Спорттук иш-чара 30-мартта жыйынтыкталат.

Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума калды

Юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума калды.   Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар да 1-апрелге чейин декларация тапшырышы керек. Ал эми 1-майга чейин документти жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырууга милдеттүү.

Кыргызстанда 65 миңден ашуун адам жумушсуз

Кыргызстанда 65 миңден ашуун адам жумушсуз. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комиттетин маалыматында айтылат.   Документке жазылгандай, жумуш менен камсыздоо мамлекеттик органдарында жумуш издеген жаран катары каттоодо тургандардын саны 1-мартка карата дээрлик 88 миң адамды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,6%га аз. Анын ичинен жумушсуз… Кененирээк…

Чүйдөгү нефтини кайра иштеткен завод продукциянын биринчи партиясын чыгарды

Чүй облусунда жайгашкан эң ири нефтини кайра иштетүүчү завод 2019-жылы өндүрүш токтогондон бери продукциянын биринчи партиясын чыгарды.   Азырынча ишканада үч агрегаттын бири гана иштеп жатат.   Мунай иштетүүчү завод июнь айына чейин толук кубаттуулукта иштеп баштайт. Бул жылына 800 миң тонна күйүүчү май өндүрөт… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекте жылуулук өчүрүлөт

Бүгүнтөн тарта Бишкекте жылуулук өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка калаа башчы Айбек Жунушалиев кол койду. Белгиленгендей, жылуулукту өчүрүү тууралуу чечим март айына карата аба ырайынын божомолун жана абанын сырткы температурасын эске алуу менен кабыл алынды.

Жалал-Абадда 133 млн сомго таштанды иргеген завод курулууда

Жалал-Абадда таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод курулууда. Шаардык мэриядан билдиришкендей, ишкана былтыр калааны өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен салынып жатат. Тагыраагы, заводго 133 млн сом сарпталат.   Курулуш иштери ушул жылдын июль айында аяктайт деп күтүлүүдө. Анын алкагында шаардан чыккан ар кандай таштандылар… Кененирээк…