Мирлан Жекшенов Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды

Мирлан Жекшенов Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

 

«Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине, КР президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык Жекшенов Мирлан Ратынбекович Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.