Кыргызстанда республикалык деңгээлде мектептердин айланасын жашылдандыруу кампаниясы өтөт. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 6-апрелде уюштурулат.
Анын алкагында билим берүү уюмдарынын жана административдик мекемелердин аймактарына көчөт отургузуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлөт.