Ат-Башы – Кында – Торугарт жолу унаа кыймылына ачык

Ат-Башы – Кында – Торугарт жолу унаа кыймылына ачык. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.  Эске салсак, трассанын 50-80-чакырымдары өткөн жылдын ноябрь айында аба-ырайынын катаал шарттарынан улам жабылган болчу.   Кар күрткүлөрүн жана көчкүлөрдү тазалагандан кийин, унаа жолу 1-апрелде кыймылга ачылды.

Унааларды каттоо үчүн төлөмдөрдөн мамлекеттик бюджет эки айда 289,5 миллион сомго толукталды

Унааларды каттоо үчүн төлөмдөрдөн мамлекеттик бюджет эки айда 289,5 миллион сомго толукталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин отчетунда айтылат.   Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында бул көрсөткүч 4 эсе өстү. Салыштыруу үчүн алсак, 2023-жылдын ушул мезгил аралыгында бул берене менен киреше 68,5 миллион сомду түзгөн… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы бүгүн жабык болот

Кыргыз-кытай чек арасы бүгүн жабык болот. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кытай тараптын демилгеси менен майрамга байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү бүгүн, 4-апрелде чектелет.   Эртеңден тарта кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү кайрадан жанданат.

Токтогул суу сактагычында суунун агып кириши менен керектөө теңелди

Токтогул суу сактагычында суунун агып кириши менен керектөө теңелди.   Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти. Учурга карата суунун агып келиши дагы, керектөөсү дагы секундасына 331 кубометрге барабар болууда.   Ал эми башкы резервуардагы нымдуулуктун жалпы көлөмү 7 миллиард 276 миллион куб метрди түзөт. Өлкөнүн… Кененирээк…

Жылуулук борборлору, отканалар жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын филиалдары, Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлорун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өткөрүү боюнча жарлык чыгарды. Бул тууралуу ал 3-апрелде «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасын реформалоого боюнча кеңешмеде айтты.   Президент көпчүлүк отканалардын эскилиги жетип, чоң жоготуулар болуп жатканын,… Кененирээк…