Бишкекте темир жолду кесип өткөн эстакадалык өтмөктүн курулушу башталды

Бишкекте Бакаев көчөсүн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин узартып, темир жолду кесип өткөн эстакадалык өтмөктүн курулушу башталды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

 

Курулуш иштерине байланыштуу бүгүнтөн тарта поезддердин кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди.

 

Жаңы өтмөк тыгындарды азайтуу максатында салынууда.