Балдарды биринчи класска кабыл алуу акысыз

Балдарды биринчи класска кабыл алуу акысыз. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин башкы адиси Айнура Кусеинова билдирди. Ал белгилегендей, мектепке кабыл алуу үчүн акча талап кылынбайт.   Тиешелүү фактылар катталса, ата-энелер райондук билим берүү бөлүмдөрүнө же түз байланыш номерлерине кайрылышы керек. Акча талап кылуу фактылары катталса,… Кененирээк…

Жалал-Абадда алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда

Жалал-Абадда алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Маалыматка ылайык, турак-жайлар 2 миң 744 батирден турат.   Алар чыныгы муктаж жарандарга гана берилет, — деди Туманбаев.

Баланы 1-класска каттоо үчүн кайсы документтер талап кылынат?

Мектептерде 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, биринчи этап  2-июнга чейин мыйзамдуу катталган жери боюнча жүргүзүлсө, ал эми экинчи этапта балдар  3-июндан 30-августка чейин иш жүзүндө жашаган жеринен каттоого алынат.   Каттоо mektep.edu.gov.kg автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу жүргүзүлөт.   Порталдагы каттоодон өтүү үчүн… Кененирээк…

Кыргызстандан Түштүк Америкага уча тургандар үчүн эрежелер өзгөрдү

«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы менен Венесуэла, Мексика, Колумбия, Куба, Панама жана Бразилияга бара турган жүргүнчүлөр үчүн учуу талаптары өзгөрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. Жаңы эрежелерге ылайык, жүгү жок, мейманканага алдын ала жазылбаган, кайра кетүү билети жок жүргүнчүлөр, ошондой эле транзиттик каттамы 24… Кененирээк…

АКШда 104 жаштагы карыя узак жашоо сырын атады

АКШда 104 жаштагы карыя узак жашоо сырын атады.   Онтарио шаарынын тургуну Уолтер Дитстрейс жакында эле 104 жашын жакындарынын курчоосунда белгиледи. Майрамдоо учурунда коноктор ага мындай узак жашоонун сыры эмнеде деген суроо узатышкан.   Карыя узак гана эмес, бактылуу дагы жашоонун сыры картөшкөдө деп жооп… Кененирээк…

Бишкекте студенттерге коомдук транспортто жүрүүдө жеңилдик берүү пландалууда

Бишкекте студенттерге коомдук транспортто жүрүүдө жеңилдик берүү пландалууда.   Тийиштүү ченемдик-укуктук акт мэрия тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка ылайык, учурда “Тулпар” карталарындагы льготалар окуучуларга жана пенсионерлерге гана берилет.   Учурда коомдук транспортто жүрүү үчүн стандарттуу күндүк, жумалык жана жылдык карталарын, ошондой эле студенттик карталарды киргизүү… Кененирээк…

Бишкектин Киев көчөсүнөн дагы маршруттук кичи автобустар алынды

Бишкектин Киев көчөсүнөн дагы маршруттук кичи автобустар алынды. Транспорт департаментинин жетекчиси Марат Мукановдун айтымында, аталган көчө аркылуу жүргөн маршруткалар эми Жибек Жолу проспектиси же Фрунзе көчөсү менен жүрөт.   Бул чара ордо калаанын борбордук бөлүгүн маршруттук таксилерден бошотуу максатында жасалууда.   Эске салсак, 10-апрелден тарта… Кененирээк…

Кыргызстанда ата-энесинен ажыраган балдарга мамлекеттен 500 миң сомдон берүү пландалып жатат

Кыргызстанда ата-энесинен ажыраган балдарга мамлекеттен 500 миң сомдон берүү пландалып жатат.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз улуттук университетинин студенттерине лекция окуу учурунда билдирди.   Анын айтымында, өлкөдө ата-энеси жок 2 миңдей бала бар. Аларга мамлекеттик банктан эсеп ачылат, 18 жашка чыккандан… Кененирээк…

Бишкекте жаңы сквер ачылды

Бишкекте жаңы сквер ачылды. Ордо калаа мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, эс алуу аймагы Ажибек Баатыр көчөсүндө жайгашат.   Скверде отургучтар, балдар жана воркаут аянтчалары бар.

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо аяктайт

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо аяктайт.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, абитуриенттер 4-апрелге чейин окуган жеринде, ал эми мурунку жылдардагы бүтүрүүчүлөр жашаган жери боюнча райондук же шаардык билим берүү бөлүмүндө каттоодон өтүшү керек.   Негизги жана ар бир предметтик тест үчүн төлөм 470 сомду түзөт.… Кененирээк…