Кыргызстанда 1-класска кирип жаткан баладан экзамен алгандар жоопко тартылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, балдар 1-класска келгенден кийин программа боюнча окуп-жазганды үйрөнүшөт. Окууга кабыл алууда баланын билимин текшергендер жоопкерчиликке тартылат.
Эске салсак, 1-класска электрондук каттоонун 1-этабы 8-апрелде башталат. 2-баскыч 3-июндан 30-августка чейин жүргүзүлөт.