Тайвандагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Тайвандагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жер титирөө болгон жерден 18 чакырым аралыктагы Хуалян шаарында 12 кыргызстандык жашайт. Ал эми Тайвандын өзүндө жалпы 60 кыргыз жараны бар жана алардын көбү студенттер.

 

Эске салсак, кечээ Тайванда магнитудасы 7,4 баллга жеткен жер титирөө болду. Андан кеминде тогуз адам каза таап, 900дөн ашуун киши жараат алганы кабарланган.