6-кичирайондогу жаңыланган бала бакча дээрлик даяр.
Мэриянын маалыматына ылайык, объектиде капиталдык ремонт иштери жүргүзүлдү.
Учурда ички жасалгалоо жумуштары аткарылып жатат. Мекемеге керектүү жабдуулар,
эмеректер жана техникалардын бары жеткирилди. Ондоо иштерине 3 миллион сом сарпталды.
Каражат шаардык бюджеттен бөлүнүп берилди. Ат-энелер электрондук кезекке тура баштаса болот.