Жаңгак токойлору учуучу аппараттар менен дарылана баштады

Жаңгак токойлорун зыянкеч курт-кумурскалардан арылтуу иштерине дарылар

дрон аркылуу себилип жатат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик

агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди.

Анын айтымында, иштерге 30га жакын учуучу аппараттар тартылды.

Кыргызстанда жаңгак багынын жалпы аянты 42,5 миң гектарды түзөт.

Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда.

Жыл сайын андан 6 миң тонна түшүм алынат.