Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы жогорулайт.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдиргендей,
азыктын айрым түрлөрү 3 пайызга кымбаттайт. Ага баалар бирдиктүү
түрдө түзүлөт. Кырдаал кризистин кесепетинен инфляция өсүп
жаткандыгына байланыштуу. Бирок өкмөт баалардын кескин жогорулап
кетишине жол бербөө боюнча иш алып барат, — деп ишендирди Асрандиев.
Белгилей кетсек, буга чейин Монополияга каршы мамлекеттик
агенттиги 11 азык-түлүктүн орточо баасын бекиткен болчу.