Социалдык фондго жаңы төрага дайындалды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, кызматка Уланбек Асанов бекитилди.
Ал 2013-жылдан бери мурдагы төраганын орун басары болуп иштеп келген.
Буга чейинки төрага Медер Ирсалиев былтыр ноябрда коррупциялык
иштерге катыштыгы бар деген шек менен иштен алынган.