Өзгөн районунда социалдык шаарча ачылды.
Райондук администрациянын маалыматына ылайык, объект Куршаб айылында жайгашкан. Жалпысынан 104 үй-бүлөгө эсептелген 25 турак-жай курулду.
Бул жерде ошондой эле кичи футбол аянты, тигүү цехи дагы каралган.
Үйлөрдү бөлүштүрүүдө артыкчылык көп балалуу үй-бүлөлөргө жана балдарын жалгыз тарбиялаган энелерге берилди. Долбоорду ишке ашырууга демөөрчүлөр колдоо көрсөттү.