Кошумча нарк салыгынан бошотулган товарлардын тизмеси жарыяланды

Кошумча нарк салыгынан бошотулган товарлардын тизмеси жарыяланды. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, тизмеге кумшекер, өсүмдүк майы жана пахта майы кирди.

 

Эске салсак, товарлардын айрым категориясы үчүн кошумча нарк салыгын алуу ставкасы ушул жылдын 31-августуна чейин күчүндө. Бул өлкөдө азык-түлүктүн баасын турукташтыруу максатында кабыл алынды.