Ордо калаанын Тез жардам кызматына 2 реанимобиль тапшырылды

Ордо калаанын Тез жардам кызматына 2 реанимобиль тапшырылды. Бул тууралуу Тез жардам борборунун реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов билдирди.

 

Ал 24 агенттигине айтып бергендей, унаалар Дүйнөлүк банк долбоорунун экинчи этабынын алкагында алынды. Буга чейин дагы бир реанимобиль берилген болчу.

 

Быйыл ошондой эле, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында чогулган айыптардан жана шаар бюджетинен кошумча атайын унааларды сатып алуу пландалууда, — деди Борисов.