Кытайда курулуш компаниясы 10 кабаттуу имаратты 28 саат 45 мүнөттө тургузду

Кытайда курулуш компаниясы 10 кабаттуу имаратты 28 саат 45 мүнөттө тургузду. Үй чогултулуучу конструкциялардан салынды. Анын ар бири кадимки транспорттук контейнер сыяктуу жасалган.

 

Андыктан, аны дүйнө жүзү боюнча ташуу дагы кыйынчылык жаратпайт. Мындай конструкциялардан имаратты чогултуу үчүн куруучулардын анча чоң эмес бригадасы жана 3 кран жетиштүү.