Килиан Мбаппе кийинки трансфери тууралуу айтып берди

Килиан Мбаппе кийинки трансфери тууралуу айтып берди. Буга чейин француз футбол жылдызы испаниялык “Реал” же “Барселонага” өтөт деген маалыматтар тараган.

 

Форварддын өзүнүн айтымында, ал келечеги тууралуу чечим кабыл ала элек. “ПСЖда” эле калышы дагы мүмкүн экенин белгиледи.

 

Эске салсак, Килиан Мбаппе – дүйнөнүн эң кымбат оюнчусу. 23 жаштагы футболчунун баасы 160 миллион еврого теңелет.