Бишкектин Ак-Босого конушунда жаңы бала бакча курулууда

Бишкектин Ак-Босого конушунда жаңы бала бакча курулууда. Мэриянын маалыматына ылайык, имарат 140 бөбөккө чакталат. Анда оюн аянтчалары, тамак-аш сактоочу жай, уктоочу бөлмөлөр, медициналык кабинет, музыка залы жана башка техникалык жайлар каралган.

 

Учурда объектте инженердик тармактарды өткөрүү иштери жүрүүдө.