Кыргызстан акыркы 1,5 ай аралыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнө 28,5 миң тонна өрүк экспорттоду.
Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул былтыркыга салыштырмалуу 9 миң 200 тоннага көбүрөөк.
Экспорттун басымдуу бөлүнү Россияга, Казакстанга жана Белоруска жөнөтүлдү.
Эми ушул айдын аягына чейин дагы 7 миң тонна өрүктү экспорттоо пландалып жатат.