Улуу Британияда туристтер өздөрүн кылмышкер катары көрө алышат

Улуу Британияда туристтер өздөрүн кылмышкер катары көрө алышат. Эми 2013-жылга чейин түрмө болгон имарат, туристтерди кабыл алат. Турдун уюштуруучулары конокторго камераларды көрсөтүп, аларда болгон окуяларды айтып берет.

 

Каалоочулар абакта түнөп, түрмөнүн тамагын татый алат. Мындай өзгөчө көңүл ачуунун баасы 65 долларды түзөт. Кызыгы, каалоочулардын саны көп болуп, билеттер февралга чейин бүт сатылып кетти.