Индияда чиновниктин үйүнө кирген ууру эч нерсе таппай, жини келип, кат таштап кетти

Индияда чиновниктин үйүнө кирген ууру эч нерсе таппай, жини келип, кат таштап кетти. Кылмышкер салык кызматынын начальнигинин орун басарынын үйүн тоноого кирип, дээрлик акча таппай койгон.

 

Кетип баратып ал кагазга “Үйдө акча жок болсо, аны эмнеге жабасын?” деп жазып кетти. Учурда ууруну полиция издеп жатат.