Жал кичирайонунда чыккан өрт чектөөгө алынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кесепетти жоюу үчүн 4 өрт-өчүрүү унаасы тартылды.
Эске салсак, түндө Тыналиев көчөсүндөгү жаңы курулуштун 15-кабатынан өрт чыкты.
Күбөлөр социалдык тармактарга жүктөгөн видеодон, бийик курулуштан жерге урандылар
түшүп жатканын көрсө болот. Жабыркагандар бар же жогу азырынча белгисиз.