Чүй облусунда 28 социалдык объектиде курулуш иштери аткарылат.
Бул тууралуу мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти.
Быйылкы тизмеге ылайык, 7 мектеп, 13 мектептин кошумча корпусу, 1 суу объектиси,
1 бала бакча, 2 спорт комплекси жана 1 маданий мекеме курулуат. Андан тышкары,
бир бала бакчанын, бир саламаттыкты сактоо мекемесинин жана бир мамлекеттик
маанидеги имараттын капиталдык ремонту аягына чыгат.
Иштерге жалпысынан 358 миллион сом багытталат.