Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.
Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммдык салмакта күч сынашкан Тыныбекова финалдык беттеште япониялык Сакура Мотокини 4:1 эсебинде жеңди.
Бул ийгилиги менен Тыныбекова спорттун бардык түрүнөн дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу болуп калды.