Криштиану Роналду Португалия курамасы үчүн киргизген голдорунун саны менен дүйнөлүк рекорд орнотту. Улуттар лигасынын алкагында ал Швейцария курамасынын дарбазасына 2 топ киргизди.
Муну менен Роналдунун жеке эсебинде 117 гол. Бул дүйнө боюча бардык курамалардагы эң жогорку жыйынтык. Эске салсак, Улуттар лигасы – бул УЕФА алдында өтүүчү курамалар арасындагы эл аралык турнир.