Оштогу борбордук стадион оңдолуп бүттү

Оштогу борбордук стадион оңдолуп бүттү. Мэриянын маалыматына ылайык, 11 миңге жакын отургуч астындагы бетон куюлмалар толук алмаштырылып, тышкы жана ички жасалгасы, жарыктандыруу тутуму жаңыланды.

 

Ошондой эле спортчулардын кийим алмаштыруучу, жуунуучу жайлары оңдолуп, узундугу 12, туурасы 4 метр LED-экран орнотулду.

 

Оңдоо иштерине республикалык бюджеттен дээрлик 43 млн сом бөлүнгөн.

 

Белгилеп кетсек, Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадион 1961-жылы курулган. Бирок ушул кезге чейин капиталдык оңдоодон өткөн эмес.