Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын лидери болуп Жанарбек Акаев шайланды.
1-мартта фракция мүчөлөрү анын талапкерлигин бир добуштан колдоду.
Мурда Акаев жетектеген Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция
боюнча комитетинин төрагасы кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды.
Бул сунуш 2-марттагы жалпы жыйынга чыгарылат.
«Альянс» фракциясынын буга чейинки лидери Алтынбек Сулайманов
президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.