Өлкө мектептерине биринчи класска балдарды кабыл алуу акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Ал белгилегендей, ата-энелер мектепке акча бербейт, болгону электрондук кезекке туруу керек. Мектеп жетекчилиги балдарды кабыл алуу үчүн акча талап кылууга укугу жок, — деди Жусупбекова.