Бишкекте Шопоков көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай муниципалитетке өттү

Бишкекте Шопоков көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай муниципалитетке өттү.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, эми анын Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилкеси “Бишкектин парковкалары жана унаа токтотуу жайлары” ишканасынын балансында болот.

 

Бул жерде бардык белгилер орнотулду. Парковканын баасы – унаанын турган убактысына карабай, 25 сомду түзөт.