Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри болуп Максат Кадыркулов дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин Кадыркулов Нарын облусунун Ат-Башы районунун администрациясынын башчысы болуп эмгектенген.
Эске салсак, Кыргызстанда жаңы мыйзамга ылайык, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрлерин өлкө башчы дайындайт.