Ички иштер министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр орун алды

Ички иштер министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Министрдин жаңы орун басарлары дайындалды. Памир Асанов жана Алмазбек Орозалиев кызматтан бошотулду.

 

Алардын ордуна Эркебек Аширходжаев жана Октябрь Нурмамбетов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.