Өзбек бийлиги коомдук жайларда никаб кийүү үчүн жаза киргизди

Өзбек бийлиги коомдук жайларда никаб кийүү үчүн жаза киргизди. Коңшу мамлекеттин Юстиция министрлиги билдиргендей, тиешелүү буйрукка өлкө президенти кол койду.

 

Тактап айтканда, коомдук жайларда адамдын өздүгүн аныктоого мүмкүн болбогон даражада бетин жаап жүргөндүгү үчүн айып пул салынат. Анын суммасы 408 долларга чейин болот.