Кыргызстанда COVID-19 илдетине кабылган бейтаптарды
дарылоочу вирустук препараттар жетиштүү. Буга Милдеттүү
медициналык фонддон ишендиришүүдө. Өзгөчө көзөмөлгө
алынган бейтапканаларга дары-дармектерди алуу үчүн
267 миллион сом бөлүнгөн. Фонддонн белгилешкендей,
мындан тышкары оорукаларга медикаменттерди жеткирүү
боюнча фармацевтикалык компаниялар менен сүйлөшүүлөр
жүрүп жатат. Ошондой эле медициналык мекемелер дагы
дары-дармектерди түз макулдашуу ыкмасы менен сатып алса болот.